57 жаштагы британиялык актёр Хью Грант биринчи жолу үйлөнөт

57 жаштагы британиялык актёр Хью Грант биринчи жолу никесин расмий түрдө мыйзамдаштырып, үйлөнүү той өткөрөт. Мындай маалыматты батыш басылмалары жазып чыкты.

Маалым болгондой, актёр 2012-жылдан тарта 39 жаштагы продюсер Анна Эберштейн менен жарандык никеде жашап, 3 балалуу болушкан. Эми түгөйлөр никесин мыйзамдаштырып, үлпөт той өткөрүүгө камынып жатканы айтылат маалыматта.

Ал эми Хью Грант ушул жашка келип бир да жолу үйлөнгөн эмес. Бирок бегилүү актрисалар Сандра Буллок, Элизабет Херли, Жемайма Хан менен мамиле курган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан