Бишкектеги "Дордой" базары жакта 2 баланы жүк ташыган унаа сүзүп кетти. Кырсык видеорегистраторго түшүп калган

Бишкекте эки баланы унаа сүзүп кетип, алар шаардык №3-балдар ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан бүгүн, 22-майда кабарланды.

Маалыматка караганда, кырсык 21-май күнү саат 16:00 чамасында Бишкек шаарынын "Дордой" базарына жакын жердеги айланма жолунда болгон.

Анда жолдон өтүп бараткан эки баланы МАН үлгүсүндөгү жүк ташыган унаа сүзүп кеткен. Окуя болгон жерге "Тез жардам" унаасы келип балдарды Бишкек шаардык №3-ооруканасына алып кеткен.

Учурда аталган факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

"Дордой" базары жакта жүк ташыган унаа 2 баланы сүзүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Pamirlan
2018-05-22 10:44:45
Тергөө иштери ават жүрөт беле. Адамдын чонтогуно карап мамиле кылышат. Акча берсе актап жиберишет
+8
sabirdinovich
2018-05-22 10:45:12
Кытайлык жүк ташуучу машиналарды айдап жүргөн кытайлыктар биздин жол эрежелерди сактабайт окшойт. Аламедин-1 жана Тунгуч кичи районунан 3-жолу көрүшүм, светофор кызыл күйүп турса да сигналды баскан боюнча курулуштагы жүк ташуучу машинаны катуу айдап өтүп кетип жатышат. Адамды сүзүп кетсе деле токтобойт окшойт булар
+7
Pandora
2018-05-22 11:19:34
Адабий тилде "Дордой базары тарапта"- болуп жазылатго
-5
Гүлзахира Дөөлөталы кызы
2018-05-22 13:23:05
Саламатсызбы, Pandora? Кыргыз адабий тилинин нормасына ылайык, жак деп да, тарап деп да колдонула берет. Жак, тарап - бул сөздөр синоним катары бирдей маанини билдирет, эч кандай мааниси өзгөрбөйт жана ката деп эсептелинбейт!
+6
uz.nookat
2018-05-22 12:17:46
Балдардын ден солугу кандай экен супер кж билдирип коюнуз дар
+2
taalay25
2018-05-22 13:57:48
Ужас!! Мен жашаган уйдун асты. Дордой жак эмес Энесай конушунун астындагы чон жол!! Азыр Москвадамын, коруп алып шок болдум. Себеби бул жердеги биринчи кырсык эмес мен билгенден. Канча адамдарды уруп кетти. Болор болбос пешеход чийип койгон анысы да очуп калган же ага караган адам жок. Давно адам ото турган асма копуро куруш керек болчу. Даже ал деле даяр. Ондоп тузоп жасаш керек
+3
Pamirlan
2018-05-22 14:19:28
Корупсия болсо онукпойт Кыргызстан. Элди ойлогон эч ким жок.
+4
aerforce
2018-05-23 00:00:47
машынанын арасынан чуркап чыга калыптыр кырсык айдоочу күнөлүү эмеско
0
Aiziusman0101
2018-05-23 03:02:29
aerforce,коруп турганыныздай машиналар токтоп турат ал машинада токтош керек болчу балдар туура эле отуп жаткан Жук ташуучу машина токтобой айдап келип сузуп жатпайбы?
0
Lilireinhart18
2018-05-23 09:39:57
aerforce,чуркап чыга калбай эле пешеходдон отуп баратат башка машиналар токтоп иурат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан