ЖЫЛНААМА, 23-МАЙ: Подиумдан тасма талаасына кадам таштаган түркиялык актёр Бурак Хаккы 46 жашка толду

Бүгүн түркиялык актёр жана модель Бурак Хаккы 46 жашка толду. Ал 1972-жылы 23-майда Түркиянын Стамбул (айрым маалыматтарда Мугла) шаарында төрөлгөн.

Ал жергиликтүү математикалык мектептен билим алып, кошумча англис тилин дагы өздөштүргөн. Орто мектепти аяктаган соң экономика адистиги боюнча билим алат. Стамбул университетин ийгиликтүү аяктагандан кийин жогорку билимин бышыктап, Швейцариядагы белгилүү университеттеринин бирине тапшырып университеттин баскетбол командасында ойногон.

Бурак Хаккы алгач модель катары таанылып, карьерасын жарнамалык роликтерге тартылуудан баштаган. Ал 1994-жылы "Түркиянын мыкты модели" сынагына катышып, Гран-прини жеңип алган. Анын моделдик жааттагы ийгилиги бир эле сыйлык менен чектелип калган эмес. Бир жылдан кийин Австралияда өткөн сынакка катышып, сыйлуу орунга ээ болот. 1997-жылы Тунисте өткөн моделдер арасындагы сынакта да өзүн көрсөтө алган. Жылдызы жанган модель Германия, Франция, Италия, Швейцария өңдүү Европа өлкөлөрүндөгү мода үйлөрү менен иштешип, тажрыйба топтогон.

2000-жылы модель келишимдүү келбети, шыңга бою менен түрк продюсеринин көңүлүн өзүнө бурган. Тагыраагы, ал телеберүүдөгү мырзалардын моделдик жааттагы ишмердүүлүгү тууралуу шоусуна чакыруу алат. Бурак Хаккынын катышуусундагы программа популярдуу болуп, каналдын рейтинги көтөрүлөт. Ушундан кийин тасмага тартылууга сунуштардын аягы үзүлбөй баштайт.

2003-жылы "Чоочун" ("Чужой") тасмасында роль жаратат. Андан кийин "Текке кеткен жылдар" ("Утраченные годы"), "Дүйнөнү сактап калган кишинин уулу" ("Сын человека, который спас мир"), "Ушул аял" ("Это женщина"), "Сүйүүнүн симфониясы" ("Симфония любви") өңдүү тасмаларга тартылат. 2009-жылы "Бал Маскарад" фильминдеги ролунан кийин атагы арта келет. Мындан тышкары "Эринден жүрөккө" ("От губ к сердцу") сериалына да тартылган.

Бурак Хаккы 2001-жылы Сема Шимшек деген айым менен мамиле курат. Түгөйлөр баш кошуп, 2008-жылы уулдуу болушкан.

23-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан