Жогорку Сот Аида Салянованы 5 жылга эркинен ажыраткан өкүмдү күчүндө калтырды

Бүгүн, 22-майда Жогорку Сотто мурдагы депутат Аида Салянованын иши боюнча сот отуруму уланууда. Ишти Каныбек Бокоев, Арзыбек Акыев жана Болотбек Акматов кирген соттук коллегия карап, ага Каныбек Бокоев төрагалык кылып жатат.

14:05. Сот отуруму башталды. Отурум чакан бөлмөдө өтүп жаткандыктан Салянованын тарапташтары залга батпай коопсуздук кызматы менен тарапташтарынын ортосунда кайым айтышуу орун алды. Ошондо да сыртта батпай калган адамдар көп.

14:10. Сотто Аида Салянованын коомдук жактоочуларына сөз берилди. Алар Саляновага карата саясий басым жасалганын билдирип, аны актоо үчүн себептерди келтиришүүдө.

14:50. Коомдук жактоочу Рабига Сыдыкова сүйлөп жатат. Ал Салянованын ишин тергөөдө катачылыктар жана эске алынбаган иштер көп экенин айтты. Ошондой эле мурдагы баш прокурордун Алексей Елисеевдин жактоочулук лицензиясын узартпай коюуга укугу болгон эместигин белгиледи. "Эгер Салянова лицензияны узартуудан баш тартса, мыйзамга каршы келген кадамга барууга мажбур болмок", - деди Сыдыкова.

15:02. Коомдук жактоочу Рабига Сыдыкова райондук жана шаардык соттор чечим кабыл алып жатканда мыйзамсыз аракеттерди жасаганын айтты. "Биз сотторго далай жолу өтүнүчтөрдү келтирдик. Бирок өтүнүчтөрүбүз чечим чыгарылганда эске алынган жок, ишке тиркелген жок. Андан сырткары Салянованын укугу жактоочуларынын көзүнчө да тебеленип, отурумдарда басым көрсөтүлүп жатты. Биз бул процессте 13төн ашык ирет сотко ишенбөөчүлүк көрсөттүк. Мисалы, сот Касымбеков чечим чыгарарда Салянованын өзүнө да сөз берген жок", - деди Сыдыкова.

15:10. Коомдук жактоочу Рабига Сыдыкова Саляновага козголгон кылмыш иши толук саясий буйрук болгонун айтты. "Бул саясий буйрук менен козголгон иш. Бул нерсени тергөөчүлөрдүн аша чапкан аракеттери эле айтып турат. Алар да бул саясий буйрук экенин билип, ишти да чала тергешкен. Ошондой эле чала бойдон сотко өткөрүп беришкен", - деди Сыдыкова. Ошондой эле ал судья Касымбеков мыйзамга ылайык чечим чыгарбастан, ошол учурдагы саясий абалга жараша чечим чыгарганын айтты.

15:20. Коомдук жактоочу Рабига Сыдыкова УКМКнын айрым күбөлөрү жасалма экенин айтты. "Соттук материалдарда Алексей Елисеевдин Кыргыз жергесинде алган, Салянова узартып берген лицензия менен интернет-сайт ачып иштетип жатканы айтылат. Ал сайтты биз да ачып көрдүк, иштеген жок. Мындан тышкары иште тергөөчүлөрдүн күбөлөрү бар. Бирок биз аларды бир да жолу көргөн жокпуз. Сүйлөшүп биздин көзүбүзчө суракка алынышын каалаганбыз. Алардын аты-жөнү менен Мамлекеттик каттоо кызматына өтүнүч жөнөттүк эле, алар андай адамдар жок экенин билдирип жооп беришти. Ал паспорттору жок адамдарды тергөөчүлөр кантип күбө катары катташты? Андан сырткары алар УКМКнын имаратына кантип кирди деген суроо да пайда болот", - деди Сыдыкова.

16:00. Аида Салянова жарыш сөзүн баштады. "Мыйзам сакталган өлкөдө сыймыктануу менен жашаш керек" деген кеп бар. Ал эми биздин өлкөдө акыркы учурда мыйзам менен жашоо коркунучтуу болуп калды, айрыкча, ал бир адамдын көңүлүнө жакпаса коркунучтуу болуп калды", - деп баштады Салянова.

16:05. Аида Салянова: "Акыркы жылдары мага жана жакындарыма карата саясий куугунтук жүрүп, көө жабуу аракеттери өтө көп болду. Кеткен бийлик эмнеси менен мактана алат? Алар: 30-40тай камалган саясий атаандаштар, сөз эркиндиги чектелип куугунтукка кабылган айыпка жыгылган журналисттер, үй мүлктөрү камакка алынган жактоочулар менен "мактана алат". Ошондой эле өтө чоң коррупциялашкан 3-4 долбоор менен "мактана алат".

16:10. Аида Салянова соттук коллегияга жана сотко келгендерге кайрылып: "Мен сөзүмдү жыйынтыктап жатып силерди адилет чечим чыгарат деп ишенеримди айткым келди. Ошондой эле мени ушунча убакыт колдоп келген адамдарга ыраазычылык билдирем", - деп жарыш сөзүн жыйынтыктады.

16:15. Соттук коллегия кеңешме бөлмөсүнө кирип кетишти.

17:30. Соттук коллегия кеңешме бөлмөсүнөн сот залына кайтып келди.

17:36. Жогорку Сот Аида Салянова боюнча райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

Айта кетсек, Салянова "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын наристеси 14 жашка толгондо, 2029-жылы күчүнө кирет. Салянованын кызы 2015-жылы 18-июлда төрөлгөн.

17:40. Аида Салянова: "Чечим менен макул эмеспиз. Биз актоо чечими чыгышы үчүн бардык мыйзамдуу аракеттерди көрөбүз. Алардын бири жаңы жагдайлардын ачылышы болот".

Жогорку Сот Аида Саляновага карата өкүмдү күчүндө калтырды (17:30-17:50)

Жогорку Сотто Аида Салянованын иши каралууда (14:00-16:15)

Жогорку Сот Аида Салянованы 5 жылга эркинен ажыраткан шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Salaf
2018-05-22 17:54:41
Бул аялда убагында бийликтин машасы болуп жүрбөдү беле? Бийликтин буйругун аткарып көп эле чиновниктерди адилетсиз камап салган болчу. Адилетсиз камалуунун даамын татып көрсүнчү эми өзүда).
+14
jumaev0084
2018-05-22 17:59:26
Дагы тороп алсын эч проблема болбойт 2ни торосо 36 жылга узарат дагы
+5
Dembele84
2018-05-22 18:19:21
Салянова деле апакай эмес,саясий буйрукту эч озгоруусуз аткарган.Иштен кеткенден кийин ар нерсени бакылдап отурат.Прокурор болуп турганда копчулук саясатчыларды буйрук менен камаган!
+7
Mamiev
2018-05-22 19:49:06
Эмне Салянованыкы акпы экен.Кечегинде алтын кен орттонгондо бир жарым жашар кызы бар аялды кызынын жаш экенине карабай камады го.Мен камалсын или камалбасын дебейм просто мыйзам бирдей болуш керек да баардыгына
+10
bekov01
2018-05-22 20:14:25
Салянова убагында коп адамды мыйзамсыз камаган. Мындай адамдарга жаза мындан дагы кучтуу болуш керек баарына сабак болгудай кылып
+5
Meni_unut
2018-05-22 20:33:26
2029га чейин ким бар жок
+5
Meni_unut
2018-05-22 20:33:34
2029га чейин ким бар ким жок
+4
altyn7776
2018-05-22 21:34:32
Балык башынан сасыйт деген соз эн туура айтылган да. Эксажо тулкулонбой беш жыл кийин эмес, убагында баштаганда мынчалык Чубактын кунундай чубалбай оз убагында бутмок. Пайдаланаарын пайдаланып, анан Салянова аркы жээкке откондо казып чыкканы саясий боек суртулгону. Бекеринен АШАнын иши каша дешпейт да серепчилер да.
+1
nelli
2018-05-22 21:57:53
Убагында Салянова озу да канчасын сыздатты го,,,бумеранг дейт муну...
+7
BekAmir
2018-05-23 01:06:48
Анааа жашоо озу бумеранг
+2
tursunbaev78
2018-05-23 01:09:12
Салянова дагы убагында көбүн какшаткан,жашоо бумеранг деп коёт
+4
Kyrgyz_bloger
2018-05-23 01:43:37
Салянова ген прокурор болуп турганда туура эмес иш кылса анда ал Атамбаевдын касягы анткени бизде пракурор сот ГКНБ баары президенттин приказын аткарышат секратарындай иштешет кумтор жонундо ишин укпапмын кумтор жонундо айтсак ачылып иштегенден бери Кыргыздын пайдасы учун чечим чыгарган окмот президент сотпу парламентпи андайды корбодум
-3
fantomas
2018-05-23 02:57:41
Kyrgyz_bloger, Салянованын кылмышы толтура, ал Аташкасынын колунда камчы болуп жатканда эртенин ойлонушу керек эле. Ошол учурда эле Жибек Жолу тараптан кайсы бир жерге ээлик кылган чуусу 2014-жылы айтылып журуп калып кетти... Бишкекте бир кыз муунтуп олтурулуп ал тууралуу канча макала жазылды. Ошол кылмышка шектуулорлун бири Салянованын аталаш агасы экен, Салянованын арты менен кылмыш иши козголбой журуптур. Эми болсо олкодон качып кетти ошол абасы.
+1
NES1380
2018-05-23 09:48:17
Кыргызстанда жашаш кыйын болуп калды...
0
kriss120
2018-05-23 11:21:26
Эн туура чечим чыгарыптыр.Бул жашоо бумеранг дейт.Озу да бироолорду камаган эптеп куноо таап.Керек болсо баардык дунуйо мулкун алып койуш керек мам-ке.
0
saltanat.
2018-05-24 01:53:23
2029 жылга чейин жашайлычы...))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан