Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп Шамиль Бердалиев дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бажы кызматынан маалымдашты.
Буга чейин аталган кызматты Жеңишбек Исаков ээлеп келген.
Маалыматка караганда, Бердалиевди бүгүн, 22-майда аталган мекеменин жамаатына президенттик аппараттын бөлүм башчысы тааныштырды. Ал 2014-2017-жылдары Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп кеткен.