Бүгүн, 22-майда Казакстандын Астана шаарында аба ырайы күтүүсүздөн өзгөрүп, куюндаган каттуу шамал катталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып, жаратылыштын кубулушунун сүрөт, видеолорун жарыялады.
Маалыматка ылайык, куюн, жамгыр менен коштолгон катуу шамал саналуу мүнөттөргө гана созулганы менен жай баракат жүргөн элдин шаштысын алып жиберген. Шамал айрым үйлөрдүн, мамлекеттик мекемелердин жана соода жайларынын чатырларын, таштанды челектерди учуруп кеткен. Мындан тышкары көчөдө жүргөн адамдар да шамалга туруштук бере албай жыгылып калгандар болгон.
Жергиликтүү басылмалар кечээ эле аталган шаарда абанын температурасы +26 градус жылуу болгондугун жазышкан. Катуу шамалдан улам 13 адам жабыркаганы белгилүү болду. Бул сан дагы өсүшү мүмкүн. Ошондой эле кабарда синоптиктерден катуу шамал болжолдонуп жатканы боюнча калкка эч кандай маалымат тарабагандыгы кошумчаланган.