Баткенде 16 жаштагы кызын зордуктап, анын боюна бүтүп калганын билгенден кийин Орусияга качып кеткенге шектүү адам кармалды

Баткенде кызын зордуктоого шектелген адам Орусиядан кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 4-августунда Баткен шаарынын тургуну К.А. милицияга арыз менен кайрылган. Анда 2015-жылдын апрель айында 16 жаштагы Д.Г. аттуу кызды М.Д. аттуу 45 жаштагы атасы зордуктаганын билдирген.

"Аталган факты боюнча М.Д. аттуу адамдын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Бирок шектүүнүн жүргөн жери белгисиз болгондуктан, 2016-жылдын 16-августунда сырттан айыбы угузулуп, айыпкерге карата Баткен райондук соту тарабынан сырттан камакка алуу түрү тандалып, издөө иши жарыяланган. Ал эми эл аралык издөөдө жүргөн айыпкер М.Д. Орусиядан кармалып, Кыргыз Республикасына ушул жылдын 27-мартында алып келинген. Учурда тергөө иши аяктап, 129-берене менен айыбы угузулуп, кылмыш иши Баткен райондук сотунун кароосуна жиберилди", - дейт басма сөз катчы.

Айта кетсек, Баткен облусунда 16 жаштагы кызын зордуктап жүрүп, кызы кош бойлуу болуп калганда Орусияга качып кеткен жаранга мамлекет аралык издөө жарыяланган болчу. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы окуя 2015-жылы болгонун билдирген. Анда аялы ооруп, шаарга 2 айга дарыланганга кеткенде 1973-жылы туулган жаран 16 жаштагы кызын зордуктап жүргөн. Кийин кызынын боюнда бар экенин билип, Орусияга чыгып кеткен.

Кылмышка шектүүнүн апасы небересин Тажикстанга алып барып дарынын жардамы менен төрөткөнү маалымдалган. Бала тирүү же өлүү төрөлгөнү белгисиз, ымыркай Марказ айылына алып келинип жерге берилген. Кийин 16 жаштагы кыз катуу ооруп калып дарыланган, бул тууралуу кеп айылга тараган. Окуяны милицияга кылмышкердин аялы билдирип, арыз жазган.

Кызын зордуктоого шектелген адам 3 жылдан кийин Орусиядан кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
States
2018-05-22 19:12:04
24 жаштагы бала атасын сабаптыр десе баары атанын таламын талашып мин жаман болсо да сабаганга акысы жок деп менин тушунугу жок деп сындашты эле эми атасы оз кызын зордуктап журот . Эми каалагандай коментарий жазып отура бергиле
+25
Kychtyy
2018-05-22 19:18:40
States туура айтасын. Азыр кээбир аталар бар аларды ата демек турсун адам ушул дешке да тилин барбайт. Озу бул жакта бир жанылык чыкса эле сразу эле комент жазгандар бар ар беркисин андап тушунушбой эле жаза беришет отуруп алышып. Буга окшогон аталарды атып олтурум коюш аздык кылат. Мындайларды кунуго кыйнап бул дуйнонун тозогун кормотуш керек. Бул дуйнодон азабын алыш керек. Акыретте алладан азабын озу алат. Алла баарыбызга ынсап берсин
+13
Linkin.
2018-05-22 19:27:53
Бири зордоп, экинчиси дары менен мажбурлап торотуп бир жанды психикалык физикалык оруу кылышты. Кудай сактасын адамдык сапаттынан чыккан адамдардан.
+7
Lilireinhart18
2018-05-23 09:33:10
Linkin.,дары менее торотпогондо башка кандай жолу бар эле ,атасынан тороп ини же синди кылмак беле
+4
Pchelka85
2018-05-22 20:13:35
Кудай сакта.... эмне болуп баратабыз.. эмне деген Айбан бул... кантип оз канынан жаралган кызына дити барды.. эмне деген бул Существо???!!!! Кантип мындай манкуртту жер которуп журот .ыя??!!!! турмодогулор коргозсо экен бул айбанга эми... деги соз да таппай калдым мындай существолорду кантип аташ керек....
+9
titanik32
2018-05-22 21:04:57
ХХХХХХХХХ Шашба түрмөдө ХХХХХ
+7
al-abu-kinesz
2018-05-22 21:13:40
Элестеткенден да жийиркеничтуу иш жасаптыр. ХХХХХ болууга да татыктуу эмес экен, ХХХХХХХ
+6
Shabi
2018-05-22 21:18:08
al-abu-kinesz,туура айтасын жийиркеничтуу иш, элестетип акылга сыйдыруу да кыйын
+5
step_by_step
2018-05-23 01:34:56
ХХХХХХХХХ коомчулука мындай инсандардын кереги жок.
+2
ziko_kt
2018-05-23 02:38:24
Урой учурган окуя. Кайда баратабыз, туугандар?
+1
karakulja
2018-05-23 03:27:13
Озунун кызыбы огой кызыбы толук маалыматты жазсанар
0
naziman
2018-05-23 08:44:07
karakulja,огой кызы болсо боло берет дегиниз барбы
+2
Janna07
2018-05-24 08:37:29
karakulja,озунун кызы
0
jigit.paren
2018-05-23 06:42:24
Негизи ушундай оор кылмыштарга өлүм жазасын кайра киргизиш керек же ХХХХХХХХХХХ керек
+1
guli-1980
2018-05-23 11:26:49
Маалыматты жазганда тактап жазасынарбы же окшоштуруп эле кое бересинерби суперчилер. Баткен шаарында эмес Баткен областына караштуу Кадамжай району Марказ айылында болгон деп жазсанар. Бул эски маалымат кылмышкер колго тушуп эми соту болуптур.марказда болгон окуяга Баткен шаарынын тургуну арыз жазабы
+1
admin_superstan
2018-05-23 11:38:46
guli-1980,
Саламатсызбы! Маалымат Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы тарабынан такталып берилген.
0
Albert_89
2018-05-24 15:24:47
Кудай сактасын...адамдар кандай жолдо баратабыз...Эсинерге келгиле момун мусулман бир туугандар?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан