Аида Салянова: "Сот системиндеги акыйкаттык боюнча президенттин сөздөрү сөз боюнча калды же соттор президентти тоготпой жатат"
22-майда Жогорку Сот экс-депутат Аида Саляновага карата райондук жана шаардык соттордун өкүмдөрүн күчүндө калтырды. Салянова бул чечимге макул эместигин айтты.
"Биз президент өзү көңүл буруп ушул тармакта маселелер боюнча айтканда бул жолу акыйкат чечим чыгат го деп ойлогонбуз. Бирок бул жолу да акыйкатсыз чечим чыкты. Бул абалдан улам сот системиндеги акыйкаттык боюнча президенттин сөздөрү сөз боюнча калды же соттор президентти тоготпой жатат деген ойго келдим.
Ошондой эле биз актоо чечими чыгышы үчүн бардык мыйзамдуу кадамдарга барабыз. Алардын бири жаңы жагдайлардын ачылышы болот. Бирок жаңы жагдайлардын кереги жок болчу. Жаңы жагдайларды чыгара турган болсок, андайлар толтура. Азыр мыйзамдуу чечим чыгыш керек эле", - деди Салянова.
Айта кетсек, Салянова "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын наристеси 14 жашка толгондо, 2029-жылы күчүнө кирет. Салянованын кызы 2015-жылы 18-июлда төрөлгөн.