"Бул жерде сөз жаштарга, керек болсо жашы жете элек балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөр тууралуу болуп жатат", - деп чиркөөгө келгендердин бири айткан.
Буга чейин 15-17-майда Чилинин 34 чиркөө кызматкери Ватиканда Рим папасы Франциск менен жолугушканда бачабаздык чырга байланыштуу жумуштан кетүү тууралуу суранышкан.
Чилинин Ранкагуа шаарынын 14 чиркөө кызматкери жыныстык кылмышка шектүү деп айыпталып, кызматынан кол жууду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.