Гидрометеорологиялык маалыматтарды бурмалаган физикалык жактарга айып пул салынат. Бул багыттагы "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 23-майдагы жыйынында 3-окууда каралды.
Депутат Алмазбек Акматовдун айтымында, мыйзам долбоору гидрометеорологиялык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү жооптуу кызмат адамдары тарабынан мыйзам талаптары бузулса, администрациялык жоопкерчилик белгилөө максатында иштелип чыккан. Тактап айтканда, шашылыш (штормдук) гидрометеорологиялык маалыматтарды берүү тартибин, гидрометеорологиялык байкоолор, айлана-чөйрөнү жана анын булганышынын абалына байкоо жүргүзүү өндүрүшүнүн эрежелери менен талаптарын бузгандарга айып пул салууга багытталган. Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.