SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон жана 3 ирет биринчиликти багындырып, "Сыйлуу тизмеге" кирген эки чыгарманын ордуна Амир Аскаровдун аткаруусундагы "Кызганам" жана Турдакун Ниязалиевдин аткаруусундагы "Кызыма" чыгармасы кошулду.
16-МАЙДАН 23-МАЙГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
10-орун - Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Мени унут" чыгармасы бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орунда - Сайкал Садыбакасованын "Кыялымда жашайсың" чыгармасы жайгашкан.
8-орун - Самат Эркинбековдун "Той, той" чыгармасына буюрган.
7-орунду - Анжеликанын "Жаным сага баратам" видеокомпозициясы камсыздаган.
6-орунду - Урмат Усенов менен Нелянын аткаруусундагы "Бактылуу болуп жашайлы" чыгармасы ээлеген.
5-орун - Чолпон Талипбектин аткаруусундагы "Ищу тебя" клиби 2 баскычка төмөндөгөн.
4-орун - Эдил Маматов менен Нурмат Садыровдун "Ыйлаба, жүрөк" чыгармасына буюрган.
3-орун - Мурунку аптада тизмеге жаңыдан кошулган Назминин "Ойлойсуңбу?" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алган.
2-орунду - Алмаз Шаадаевдин аткаруусундагы "Эми мага баары бир" композициясы камсыздаган.
1-орун - Ильяс Кудретовдун аткаруусундагы "Өмүр, ай" чыгармасына буюруп, 3 ирет жеңүүчү аталды. Чыгарма "Супер хиттин" "Сыйлуу тизмесинен" орун алды.
"Бул ырдын клибин декабрь айында тарткандыктан аба ырайынын сууктугунан абдан кыйналдык. Тартуу учурунда үшүп, машинага кирип жылынып жаттык. Биз жылынып, кайра ишке кирише баштаганда камералар иштебей калып, бир топ эле кыйынчылык жаратты. Бирок клипке жалаң гана тажрыйбалуу актёрлор катышкандыктан, тартуу иштери тез эле соңуна чыкты", - дейт Ильяс Кудретов.
Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүүнү кааласаңыз бул шилтемеге баш багыңыз.