Ош шаарынын Ак-Буура дарыясынын жээгин тосуп жаткандарга нааразы болгон жашоочулардын ортосунда чыр чыгып, эки адам сабалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуянын күбөсү Бекболот Токтобаев билдирди.
Мушташ кечээ, 22-май күнү кечинде Ош шаарынын Курманжан датка кичи районунда, дарыянын боюнда болгон. Анда жергиликтүү тургундар мурда эс алуучу жай катары эсептелген жерди тор менен тосуп жаткандарга каршылык билдирүүгө аракет кылып, ортодо мушташ чыккан.
Биз дарыянын боюнда мушташып жаткандарды көрүп чуркап келдик. Келсек балдар сабап, өз ара ызы-чуу болуп жатышкан экен. Дарыянын боюна эс алууга келишсе, ал жердеги адамдар "бул жер менчик аймак, чыккыла" деп эки баланы сабап салышкан. Негизи ошол жердеги дарыянын жээгинде эл көп эс алат. Бирок белгисиз адамдар жок эле жерден келип, дарыянын боюн тосуп алып, "бул жер биздин менчик" деп эч кимди киргизбей жатышканы туура эмес да. "Дарыянын бою, мамлекет тарабынан коргоого алынган, кантип менчик болот" деп алардан сурасак, "биз мэриядан уруксат алганбыз, мэрия иштете бергиле деген, кызыл китебибиз бар деп айтышты", - дейт Токтобаев.
Бул окуя боюнча Ош ШИИБине кайрылганыбызда басма сөз кызматкери Замир Сыдыков буларды билдирди.
"Ак-Буура милиция бөлүмү аталган окуяны териштирип жатат. Күбөлөр суралууда. Жабыркаган эки тарап тең милицияга арыз менен кайрылышкан. Аларга соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деди Сыдыков.