SUPER.KG порталынын Түз эфиринде мектепти 10, 20, 30 жыл мурун аяктаган ырчылар конокто болду.
Алар 30 жыл мурун аяктаган ырчы Лира Райымбекова, 20 жылдыгын белгилеп жаткан ырчы Замир Арыкбаев жана мектеп уясынан учканына 10 жылдын жүзү болгон ырчы Аваз Акимовдун маеги старт алат.
Белгилей кетсек, ырчы Нурлан Насип дагы Түз эфирге чакырылган. Бирок туулуп-өскөн жеринде уюштурулган бекер концерттин датасы ушул күнгө туш келгендиктен ырчы эфирге келе албай калды. Нурлан Насип күйөрмандарынан кечирим сурады.
15:11. SUPER.KG порталынын алып баруучусу Нурлан Насиптин эфирге келбей калгандыгын түшүндүрүп өттү.
15:12. Лира Райымбекова: "Мектепти бүтүргөнүмө 30 жыл болду. Бул ирет 30 жылдыкты борбор калаадан өткөрөлү деп жатабыз".
15:13. Замир Арыкбаев: "30 жылдыкты белгилегендер бар, белгилебегендер да бар. Биздин айылда 20 жылдыкты белгилөө менен эле чектелет. Быйыл мен 20 жылдыкты белгилөө алдында турам. Бул салтанат орозого туш келгендиктен, классташтар менен кеңешип 10-майда өткөргөнбүз".
15:16. Аваз Акимов орто мектепти аяктаганына 10 жыл болгондугун билдирди.
15:17. Замир Арыкбаев: "10 жылдыкта кыздар күйөөлөрү жок келген. Быйыл деле айрымдары келе алган жок. Эми үй-бүлөлүк шартына байланыштуу болду, биз аны түшүнүү менен туура кабыл алдык".
15:19. Лира Райымбекова: "Азыр 10, 20 жылдыгын белгилегендер кайрымдуулук иштерин жасап жатканы кубандырат".
15:21. Замир Арыкбаев: "Орто мектепти туулган жерим Ысык-Көлдөн аяктагам. Буга чейин 20 жылдыгын белгилегендер мага аябай картаң көрүнчү. Азыр өзүмдүн башымдан өтүп жатат. Бирок өзүмдү дагы деле жаш сезип жатам".
15:23. Аваз Акимов: "Биз жаш болуп жатабыз (күлүп). Бул ирет мугалимдерибизди сыйлайлы деп чечтик".
15:24. Эфирден ар кайсы аймактагы бүтүрүүчүлөрдүн кайрымдуулук иш-чаралары тууралуу кыскача сюжет көрсөтүлдү.
15:27. Лира Райымбекова: "Мектепте окуп жүргөндө математика сабагын жаман көрчүмүн. Сабактан качкан күндөрүм да болгон. Эсимде жок, бирок классташтарым айтып калат, атаман болчусуң деп. Капкара, дүңкүлдөгөн кыз элем. Балдарды деле сабап жүрө берчүмүн".
15:29. Замир Арыкбаев: "Эми айта турган окуя, айтпай турган окуя болот экен. Аябай тентек элем. Классташтарым таза, тыкан кийинип, чачына бантик тагып келсе жакшы көрүп калчумун. Бир күнү бир кызга тийише койсом, эртеси күнү сабакка келбей калды. Ал кыздын атасы мектепке келип "Замир деген ким?" деди. "Мен" деп ордуман турсам, "эмне менин кызыма тийишесиң?" деп мени черткилеп ыйлаткан. Көрсө классташым үйүнө барганда ооруп калыптыр. Атасы "эмне болду?" десе "кечээ Замир тийишкен, ошого ооруп калдым" дептир да".
15:33. Лира Райымбекова: "Окуучу кезимде эч кимди деле сүйбөптүрмүн. Эркек балдарды даңкылдап уруп жүрсөм духу жетпей койгон окшойт".
15:34. Аваз Акимов: "Окуп жүргөндө бийчи кызды жактырып калгам. Классташ балдарыма айтсам, алар фотоаппаратка тартып сүрөтүн беребиз деди. Кийин телефон чалып "сүрөттөрүң бар" десем "кереги жок" деп болбойт. Ошентип эптеп макул кылып сүрөттүн айынан жолукканбыз".
15:38. Замир Арыкбаев классташ баласынын жактырган кызына сезимдерин кантип билдиргени тууралуу окуяны айтып, эфирди шаңга бөлөдү.
15:40. Эфирдин коноктору жандуу үн менен ыр аткарышты.
15:43. Лира Райымбекова 10, 20, 30 жылдыктарды майрамы менен куттуктап "Таарындым сага" чыгармасын комуздун коштоосунда аткарып берди.
15:47. "Ырчы болуу бала кезимдеги көксөөм" дейт ырчы Лира Райымбекова.
15:48. "Мен деле кичине кезимден эле ырчы болгум келчү. Кайда жүрсөм да кыңылдап эле ырдап жүрчүмүн. Бирок чоң сахнага чыгып каларымды элестетүү кыйын болгон", - дейт Замир Арыкбаев.
15:49. Аваз Акимов: "Кичинемде эле ырчы болом деп сынактарга катышкам. Бир жолу сынакка катышууга барсам байгеге ак боз ат коюлган экен. Дароо эле ушул ат меники болот дегем. Жыйынтыгында сынакта биринчи орунга ээ болуп, ак боз атты минип кеткем".
15:52. "Ырчылар мектепте кандай окуган?" аталышындагы оюн уюштурулуп, эфирдин коноктору мектеп базасындагы суроолорго жооп берди.
15:57. Суроо: "Классташтар менен 10, 20, 30 жылдык кечелерде эле жолугуп турасыздарбы?"
Лира Райымбекова: "Турмушка чыккандан кийин бала карап, үй жумуштары менен болуп жолуга албай жүргөнбүз. Балдарыбыз чоңоюп эми бат-баттан жолугуп калдык".
15:58. Замир Арыкбаев: "Классташ балдар менен жолугуп турабыз. Бирок кыздар турмушка чыгып жолукпай калдык. Алар менен жолугалы деп издеген да жокпуз (күлүп)".
15:59. Аваз Акимов: "Классташтарым ырчы болгонума сыймыктанат. Балдар менен байма-бай жолугуп, аш жеп турабыз. Кыздарыбыз менен байланыш бар".
16:01. Суроо: "Кат алган, кат берген күндөрүңүз болду беле?"
Лира Райымбекова: "Кат берген эмесмин. Кат алган да эмесмин. Бирок берип калабы деп күтчүмүн".
16:02. Замир Арыкбаев: "Кат жазгам. Бирок көбүнчө кат ташыган "дипломат" болчумун".
16:03. Аваз Акимов: "Эсимде, 14-февраль -Сүйүшкөндөр күнүндө кутучага кат салгам".
16:04. Ырчылардын эфирдеги маеги соңуна келип, Кыргыз элине каалоо-тилектерин айтышты.