Ооруканага ангина менен түшкөн 8 жаштагы Ислам каза болду. Өспүрүмдүн өлүмүнүн себеби иликтенүүдө

Ангина болду деп ооруканага кайрылган 8 жаштагы Ислам шаардык №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатып, 17-майда каза болду. Бул тууралуу баланын эжеси Нора SUPER.KG порталына кабарлады.

Эжесинин айтымында, баланын каза болушуна врачтардын шалаакылыгы себеп болгон.

"Ислам ангина болуп, биз 9-апрелде ооруканага кайрылганбыз. Ага туура эмес дары сайып коюшса керек, бир жумадан соң ал комага түшүп калды. Бирок себебин айтышкан жок. Үч жума бою ар кандай диагноз коюп, түрлүү дарыларды берип жатышты. Андан кийин ага энцефалит деген диагноз коюшту. Кайра Эпштейина-Барр деген диагноз коюшуп, бала буга чейин эле ооруп келген дешти. Ислам мурда эч кандай оору менен ооруган эмес, бир жерде тынч отурбаган, ден соолугу чың бала болчу. Исламдын комага түшүп калышына врачтардын шалаакылыгы себеп болгон. Биз анын өмүрүн сактап калуу үчүн аябай аракет жасадык, бирок натыйжа чыккан жок. Тиешелүү жактарга да кайрылганбыз. Эми бала каза болгондон кийин пайдасы жок, Ислам да кайтып келбейт. Баарын Кудайга койдук",- деди Исламдын эжеси.

Бул окуяга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан комиссия түзүлгөн. Учурда комиссиянын жыйынтыгы чыга элек жана корутунду качан чыгары белгисиз экенин басма сөз кызматы билдирди.

"Бул ишти комиссия карап жатат. Жыйынтыгы качан чыгары белгисиз. Ар бир комиссия ар кандай убакта корутунду чыгарат. Ал эми комиссиянын курамында кимдер бар экенин айта албайм. Тийиштүү адистер, депутаттар да бар", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Ал эми №3-балдар ооруканасынын башчысы Талантбек Өмүрбеков бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

"Биз бул тууралуу эч нерсе айта албайбыз, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан комиссия түзүлгөн, биз дагы комиссиянын кортундусун күтүп жатабыз", - деди Өмүрбеков.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Jaziko80
2018-05-23 17:25:48
Врачтар только акчага карап мамиле жасайт азыр бут жерде
+15
balakai-1997
2018-05-23 18:18:06
Озунун ишине шалаакылык кылган медиктерге жазаны кучотуш керек. Селер деген ден-соолук сакчысысынар. Акча учун нелер гана кылбайсынар акмактар ангина отушуп кеткен болуш керек.
+14
Matahara1980
2018-05-23 18:23:02
Эх байкуш бала жаткан жерин жайлуу болсун
+10
Nevestkaa
2018-05-23 19:26:57
Сабыр берсин.
+3
Zainidin96
2018-05-23 21:30:54
Врачтар гиппократтын антын беришип алып емнелерди гана жасап жатышат керек болсо ар бир бейтапты башкы дарыгер караганга милдеттуу
+3
almanbetperm
2018-05-23 22:08:18
Качан калат комиссия тузгонунор же пайдасы жок болгондон кийин
+3
tmttmt
2018-05-24 10:59:44
Мен он күн боюу каттап бир анализ чыгара албай койдум
олчойтуп ал жерге тапшыр бул жерге тапшыр анализ деп кымбат жерлерге жиберишет
чыкан анализди көтөрүп келсең узи дейт өзүм давления болуп жыгылып келгем аны деле унуттум чуркап жүрүп негизи врачтарга күн салбасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан