22-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында грек-рим күрөшү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы маалымдады. Мелдешке Кыргызстан жана Казакстандын атынан 250 балбан катышты. Мелдештин жыйынтыгы салмактык категорияларга жараша төмөнкүдөй болду.
21 килограмга чейин - Барсбек Асанкожоев (Чолпон-Ата шаары)
24 килограмга чейин - Жолдош Курманбек уулу (Каракол шаары)
27 килограмга чейин - Таалайбек Бейшенбек уулу (Нарын шаары)
30 килограмга чейин - Чыңгыз Кубат уулу (Жети-Өгүз району)
33 килограмга чейин - Эрасыл Мамыдов (Казакстан)
36 килограмга чейин - Улук Эдил уулу (Чолпон-Ата шаары)
39 килограмга чейин - Кеңеш Турганбай уулу (Ысык-Көл району)
42 килограмга чейин - Мирлан Ураимов (Көк-Жаңгак шаары)
46 килограмга чейин - Бекдөөлөт Адилет уулу (Талас шаары)
50 килограмга чейин - Эрланбек Догдурбаев (Түп району)
54 килограмга чейин - Чыңгыз Сагындыков (Балыкчы шаары)
58 килограмга чейин - Жылкыбый Абулкасымов (Каракол шаары)
63 килограмга чейин - Бектур Абышев (Жалал-Абад облусу)
69 килограмга чейин - Мухаммед Гасанов (Жети-Өгүз району)