Бүгүн мушкер Азиз Сатыбалдиев M-1 Challenge 92 турниринде Бусурманкул Абдибаит уулунун ордуна рингге чыгат

Бүгүн, 24-майда Кыргыз мушкери Азиз Сатыбалдиев M-1 Challenge 92 турниринде Бусурманкул Абдибаит уулунун ордуна германиялык Саба Болагиге каршы рингге чыгат. Беттеш Орусиянын Санкт-Петербург шаарында орун алып, Бишкек убактысы менен кечки саат 20:30да башталат.

Бусурманкул Абдибаит уулу моюнунан алган жаракаттан улам бул беттешке катыша албай турганын анын машыктыруучусу Кенжебек Чекиров SUPER.KG порталына билдирди.

"Бусурманкул машыгуу учурунда моюнунан жаракат алган. Учурда ал дарыланууда. Дарылануу бүткөндөн кийин калыптандыруу процесстеринен да өтөбүз. Ал үчүн дагы 1 ай убакыт кетет. Бусурманкул мелдешке бардык тараптан даяр болчу. Бирок спортто кокустук кайдан келерин эч ким билбейт. Биз спортчуларды утканда эле эмес, ушундай кокустук болгондо дагы колдой билишибиз керек. Негизгиси ММА`дин чемпиондук куру эмес, Бусурманкулдун ден соолугун калыбына келтирип алсак, чемпион болобуз. Анткени биздин ал уюм менен келишимибиз 2020-жылга чейин түзүлгөн. Ал эми Бусурманкулдун ордуна бүгүн беттешке Азиз Сатыбалдиев чыгат. Ага бардык тараптан ийгилик каалайм", - дейт машыктыруучу.

Азиз Сатыбалдиев - самбонун уруш түрү бонча өлкө чемпиону. Ал эми ММА`дин алкагында 10 беттеш өткөрүп, 7 жолу жеңишке жетсе, анын ичинен алты каршылашын мөөнөтүнөн мурда жеңген. 3 жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Анын каршылашы Саба Болаги эрежесиз эр урушка келгенге чейин эркин күрөш боюнча бир нече байгелердин ээси атыккан. Ал ММА`дин алкагында 10 беттеш өткөрүп, 8инде жеңишке жетсе, 1инде тең чыгып, бир беттешинде утулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
mamatkerim
2018-05-24 09:18:08
Ийгилик Азизге.
+3
Chungyz
2018-05-24 09:38:03
Женип кел
+3
rysik79
2018-05-24 09:58:50
Жылдызын жансын Азиз. Саба болаги деген неме аяббай эле грязный урушат абайла, чеберде. Буйруса женишине дуба кылабыз. Аллам колдоп ийгилик биз жакта болсун. Оомин!!!
+2
BekAmir
2018-05-24 10:21:41
Азиз ийгилик сага
+3
FCB14
2018-05-24 22:54:29
Красный алды Азиз,бирок 2 раундду утту эле правиланы бузду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан