Бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңештин жыйынында "Автоунаа жолдору жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 3-окууда талкууланат.
Демилгечи транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун айтымында, бул мыйзам кабыл алынса, жол боюнда жайгашып калган, жол кыймылына тоскоолдук жараткан объекттерди алуу милдети жүктөлөт.
Буга чейинки талкууда КСДП фракциясынан депутат Сайдолимжон Жураев учурда жол боюнда жайгашкан дүкөн, кафелердин саны өсүп жатканын айткан. "Кафе, дүкөндөрдүн жанында унаа токтотконго жер жок. Мындан улам унаалар жол четине коюлуп, кыймылга тоскоолдуктарды жаратууда", - деген Жураев.
Министр Калилов талаш жараткан маселенин баары мыйзам менен жолго салына турганын билдирген.
"Көп учурда биздин макулдугубуз жок эле курулуштарга уруксат берилип кетет. Жол кыймылына тоскоолдук жараткан объекттердин баары алынышы керек", - деген Калилов.