Токтогулдагы Өзгөрүш айылынын окуучулары боз үйдө окуп жатышат. Депутат жаңы мектеп курууну тездетүүнү талап кылды

Депутат Осмонбек Артыкбаев Жогорку Кеңештин 24-майдагы жыйынында Токтогул районунун Өзгөрүш айылындагы мектеп маселесин көтөрдү. Аталган айылдын окуучулары боз үйдө окуп жаткандыктан, эл өкүлү жаңы мектепти тез арада куруу керектигин өтүндү.

"Анарбек Ибраимов атындагы мектеп жараксыз болуп, балдар боз үйдө окуп жатышат. Каражаты чечиле элек болгондуктан долбоор башталган эмес. Долбоорду тездетип, окуу жылына даяр кылбасак, балдар талаада калып калат", - деди Артыкбаев.

Анарбек Ибраимов атындагы №36-орто мектеби жараксыз абалга келип, 1-2-3-4-класстын окуучулары боз үйдө окуп жатканын окурман SUPER.KG'ге апрель айында кабарлаган эле.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан