Депутат Жанар Акаев Бишкектин түштүк аймагындагы 187 гектар жеринин 22 жаштагы студентке сатылып кетиши боюнча маселе көтөрдү. Анын айтымында, жер боюнча кылмыш иши козголгонуна карабай курулуш компаниялардын бири тарабынан курулуш иштери уланууда.
"Акаевдин дагы, Бакиевдин дагы убагында берилбеген 187 гектар жер 22 жаштагы студентке кантип берилип кетти? Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев күндө ошол жерден өтөт. Коомчулук талкуулап жаткан маселеге эмне үчүн реакция жасабай жатат? Ал жерге административдик имараттар курулмак. Бул маселе боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок "колуңардан эмне келет" дегендей кылып, өз иштерин улантып жатышат. Укук коргоо органдары ачыктап чыгып, өкмөт башчы көңүл буруусу керек", - деди Акаев.
Эл өкүлү мындан кийин "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси Алмазбек Ногойбаев боюнча маселени кайрадан көтөрдү.
"Өкмөттүн Ногойбаев боюнча жообу келди. Өкмөт Ногойбаевге адвокат болуп алыптыр. Абылгазиевди биз ошон үчүн шайладыкпы? Коррупциялык, мыйзамсыз иштерин айтып, укук коргоо органдары тастыктап берди го. Аны кызматтан албайсыңарбы, коррупция менен күрөшпөйсүңөрбү. Же буга да президент коңгуроо кагышы керекпи?" - деди Жанар Акаев.