Беш жылдан кийин кадрдык тартыштык болушу мүмкүн. Мындай пикирин депутат Акылбек Жамангулов Жогорку Кеңештин 24-майдагы жыйынында билдирди. Анын пикиринде, азыртадан кадрларды даярдоо зарыл.
"Өкмөт мамлекеттик органдарды оптималдаштырабыз деп, тажрыйбалуу адистердин баарын кыскартып салды. Тааныш-билиши аркылуу ордунда калган чабал адистер кыйратып деле иштеп бере албайт. Мына, Казакстан "Келечек" программасынын алкагында жаш кадрлардын резервин даярдап алды. Биз болсо баштагы өнөкөттөн арылбай отурабыз", - деди Жамангулов.
Эл өкүлү жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жаткан учурда облус башчылардын кабинетте чай ичип отурушканын сынга алды.
"Өкмөттүн жер-жерлердеги ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен акимдер өз кабинеттеринен чыкпай чай ичип отурушат. Өкмөт башчы тийиштүү чараларды көрүп, аларды кыймылдатышы керек, болбосо анын арты жаман бүтөт", - деди ал.