Момбеков "айылдагы чабандын "Айфону" жок, тоодогу малчынын ноутбугу жок" деп райондук гезитти жоюуга каршы чыкты

Депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин 24-майдагы жыйынында райондук гезиттерди жоюу боюнча демилгеге каршы чыкты. Эл өкүлү айыл тургундарынын көпчүлүгү гезиттен маалымат ала турганын белгилеп, алардын маалымат алуусуна тоскоолдук жаратпоо керектигин айтты.

"Бир катар райондук гезиттин жетекчилери гезиттерди жоюуга каршы болуп, мага кат менен кайрылышты. Гезиттер интернет форматына өтөт деген менен айылдагы чабандын "Айфону" жок, тоодогу малчынын ноутбугу жок. Алар маалыматты гезиттен алат. Силер алардын маалымат алуусун чектеп жатасыңар да", - деди Момбеков.

Белгилей кетсек, буга чейин маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов облустук, райондук гезиттерди электрондук форматка өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Medina87
2018-05-24 12:39:31
Туура айтат. Газеттерди жоюу манкуртчулук! Элдин баары эле интернеттин кызматын пайдаланып аткан жок. Ушул депутаттын созду куюлуштуруп, куйкумдуу, маанилуу суйлогону жагат.
+6
Dalil
2018-05-24 13:00:23
Мамлекеттик иште иштегендерге да зордоп сатканды токтотуу керек. Себеби мугалимдерге айыл өкмөттө иштегендерге кааласаң да каалабасаң да аласын деп зордоп жазылат. Гезиттин жарымы керексиз маалыматтар. Каалоочулар гана алгыдай кылып нускасын азайтып электрондук да форматка өткөрүү керек. Жөн эле кагазды ысырап кыла бербей.
+4
_adil_
2018-05-24 13:01:34
Маданият министром эмес эле ХХХХХХ министирликко. Кантип жоёсунар айылда канчалаган кишилер газета окушат. Акыры жоюуп отуруп жок болуп кетсененр кана озунор, карапайым эл калып.
+1
Arlenchik
2018-05-24 13:41:08
Маданият министри оозуна келгенди оттоп коюптур, айыл жеринде кары картан адамдар газета окушат, газетаны жоюп электрондук варианттка откоруунун кажети жок.
+1
BarsBaatyr
2018-05-24 20:07:53
Райондук гезиттердин нускасын азайтып,мамлекеттик кызматта иштегендерге зордоп сатууну токтотуш керек.Ансызда жарыбаган айлыка иштегендер (айрыкча мугалимдер) гезитке эмес учуру келсе жол киреге жеткире албай калышат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан