Канат Исаевдин иши каралып жаткан соттук отурум башка күнгө жылдырылды

Бүгүн, 24-майда Бишкек шаардык сотунда Канат Исаевдин иши каралды. Анын жүрүшүндө жарыш сөз орун алып, тергөөчүлөр сүйлөп бүтүштү. Алардын жарыш сөзүнө айыпталуучулар жана жактоочулар пикирлерин билдиришти. Кийин айыпталуучулар акыркы сөздөрүн айтууга даяр эмес экендиктерин айтышып сот отуруму 31-майда саат 9:30да улана турган болду.
Айта кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 4-январында Канат Исаевди 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп 12 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен бирге жазасын өтөгөн соң 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салган. Анын жактоочулары соттун чечимине макул эместигин билдирип, шаардык сотко даттанышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан