Ош базарынын "Берекет" соода түйүнүнүн сатуучулары аларга эч кандай көмөк жок болуп жатканына нааразы болуп бүгүн, 24-майда маалымат жыйын уюштурду.
Алардын айтуусуна караганда, мэрия тарабынан 10 миң сомдон акча берилген. Андан башка жардам иретинде эч кандай акча алышкан эмес.
"Базардын күйгөнүнө бир жарым ай болду. Бизге эки жарым айда бүтүрүп беребиз дешкен, бирок азыр базардын ичиндеги таштандыларды чыгарып бүтө элек. Соодагерлердин 70-80 пайызы кредит алып иштейт. Учурда кредиттерди 6-7 айга токтотуп берген, бирок базардын курулушу кийинки жылга чейин созулуп кетчүдөй. Ал жере кечки саат 8:00дөн кийин эч кимди киргизбей, базардагы жарыкты өчүрүп коёт. Бардык жеринде видеокөзөмөлдөр бар, ошондон эле караса бул жерде ким күнөөлүү экенин билип койсо болот. Бизге мэриядан келип, "үч айдан кийин жолду ачабыз, кеткиле", - десе, жумушу жок калабыз. Мэрия тарабынан 10 миң сомдон 306 адамга эле берилген, ал жерде 1 миң 500гө жакын адам иштечү", - дейт "Берекет" соода борборунун соодагери Мирлан Майхонов.
Маалымат жыйында сатуучуларга базардын администрациясы тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканы айтылды.
"Биз маселебиз боюнча өкмөткө барсак, Жогорку Кеңешке жөнөтөт. Алар кайра өкмөткө жөнөтөт. Эгер мамлекет бизге жардам бербесе, андай мамлекеттин бизге эмне кереги бар. Биз мамлекетке салык төлөсөк, патент, ижара акысын төлөсөк, бизге эмне каралашпайт? Берекеттин администрациясы митингге чыкпагыла, эгер чыксаңар, базардан орун бербейбиз деп кысым көрсөтүүдө. Ал жерде жабыр тарткан эл. Бизге мекемени гана куруп берет экен, калганын өзүбүз камсыз кылышыбыз керек", - дейт сатуучу Бактыгүл Маткулова.
Ошондой эле ал жабыркагандарга мамлекет тарабынан компенсация төлөбөй коюу үчүн эч кандай себеп көрбөй жатканын белгиледи.
"Сейтек" кичи базары өрттөнгөндө патенти жок экен деп компенсация төлөбөй койгон. Бизге андай кыла алган жок, анткени бизде баары мыйзам чегинде болгон. Биз кароосуз калдык. Биздин мекеме эскирип калган, эгер аны оңдогусу келсе бизге айтса, эки үч айга мекемени деле бошотуп турмакпыз", - дейт соодагер Нургүл Окоева.
Сатуучулар базар өрттөнгөндөн кийин администрацияга 3 талап коюшкан:
1. "Берекеттеги" соода орундарын оңдоо;
2. Жабыркаган соодагерлерге компенсация төлөп берүү;
3. Үстөксүз ссуда берүү.
"Бирок бүгүнкү күнгө чейин бирөө да аткарылган жок. Менин жолдошум каза болуп ошол жакта 1 айдай жүрүп калгам. Биздин каражаттардын баары соода жайыбызда калчу. Ошондуктан бүгүнкү күндө эч нерсеси жок калдым. Түндө уктай албай калдым, балдарыма кайдан тамак таап берем?" - дейт аталган базарда соода кылган Алтынай Асаналиева.
Сатуучулар бар үмүтү президент Сооронбай Жээнбековдо экенин айтып, үстөгү жок ссуда берилсе дешет.