Ысык-Көл облусунун Түп районунда үй-бүлөлүк чырдан улам 24 жаштагы уулу чала жан болгончо сабаган адам ооруканада каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"19-майда уулу тарабынан сабалып оор абалда ооруканага түшкөн 49 жаштагы Т.М. аттуу адам кечээ, 23-майда каза болгон. Буга байланыштуу 104-берене (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, 24 жаштагы Н.А. аттуу уулу камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз катчы.
Айта кетсек, буга чейин Ысык-Көл ОИИБинен Түптө 24 жаштагы адам үй-бүлөлүк чырдан улам атасын чала жан болгончо сабап, атасы оор абалда ооруканага түшкөндүгү кабарланган.