Нарын облусунун Ат-Башы районунда калың жааган кардан чабандын 200 кою өлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-майда алдын ала маалыматтар боюнча, Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндө кардын калың жаагандыгына байланыштуу бир чабандын кыркылган 200 кою өлгөндүгү боюнча маалымат түшкөн. Учурда маалымат такталып жаткандыгына байланыштуу, кийинчерээк дагы маалымат бериле турганын басма сөз кызматы кошумчалады.