ЖЫЛНААМА, 25-МАЙ: "Балдарымдын жалаягын алмаштырган жөнөкөй атамын" деген ирландиялык актёр Киллиан Мёрфи 42 жашка толду

Бүгүн ирландиялык көк көздүү актёр, музыкант Киллиан Мёрфи 42 жашка толду. Ал 1976-жылы 25-майда Ирландиянын Дуглас деген кыштагында мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Болочоктогу кино жылдыздын балалыгы Баллинтемпл кыштагында өткөн. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу. Киллиан Мёрфи окуучу кезинде эле музыка менен алектенип, келечекте рок ырчысы болууну кыялданчу. Ал иниси Пэйди менен бир нече музыкалык топто гитара чертчү. 1996-жылы бир туугандарга музыкалык лейблден иштешүү сунушу түшөт. Бирок ата-энеси балдарынын шоу бизнестин өкүлдөрү болушун каалаган эмес. Ошентип Киллиан Мёрфи ата-энесинин каалоосу менен орто мектепти аяктагандан кийин юридикалык билим алат.

Чыгармачыл адам болгондон уламбы ал жогорку окуу жайда окуп жүргөндө эле театралдык студияларга баш багып, ар кандай спектаклдерде образ жарата баштайт. Белгилүү спектаклдерде ойноп калгандан кийин актёрдук чөйрөгө ыктайт.

2001-жылы Киллиан Мёрфи "Сактоочулар" ("Хранители") деген тасманын сценарийин жазып, андагы башкы ролду өзү жаратат. Андан кийин "Биз тандаган жолдор" ("Дороги, которые мы выбираем") сериалына тартылуу үчүн англис тилин өздөштүрөт. 2002-жылы "28 күндөн кийин" ("28 дней спустя") фильмине тартылып, Голливудда атагы чыгат.

Баса, актёр такыр эт жеген эмес. Бирок 2003-жылы "Бермет сөйкө тагынган кызга" ("Девушке с жемчужиной серёжкой") тасмасында касапчынын ролун аткаруу үчүн эт менен достошууга туура келген. Бул эмгектеринен кийин "Бэтмен: Башталыш" ("Бэтмен: Начало"), "Түнкү каттам" ("Ночной рейс") кинолоруна тартылган. Ошентип Киллиан Мёрфи "Дюнкерк", "Атышуу" ("Перестрелка") өңдүү көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө ээ болгон тасмаларда роль жаратат.

Киллиан Мёрфи 2004-жылы ирландиялык сүрөтчү Ивонн Макгиннес менен үй-бүлө курат. Сүйүүгө бекем актёр жан шериги менен 8 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошкон. Түгөйлөр Малаки Мёрфи (2005-жылы) жана Эран Мёрфи (2007-жылы) деген уулдарды тарбиялап келет.

"Менин үй-бүлөм жөнөкөй үй-бүлөлөрдүн катарына кирет. Мен деле таштанды чыгарган, балдарымдын жалаяктарын алмаштырган атамын", - деген ал.

25-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан