Иззат Артыков оор атлетика боюнча өлкө чемпиону болду

Оор атлетика боюнча 21-майдан 23-майга чейин чоңдор арасында Өлкө чемпиондугу өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки күнгө созулган чемпиондукка жалпысынан 88 спортчу катышкан. 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарындагы жайкы Олимпиада оюндарынан кийин допинг табылып спорттон четтетилгенден бери Иззат Артыков алгачкы жолу мелдешке түшүп, 69 килограмм салмактык категорияда өлкө чемпиону аталды. Ал эки көнүгүүдөн кийин 297 килограмм көрсөткүчкө жетип, муну менен алтын байгенин ээси болду.

Мындан сырткары эркектер арасындагы мелдештин салмак категориялары боюнча 56 килограммда Чойбек Сартбаев, 62 килограммда Кадырбек Айтпеков, 77 килограммда Эмил Молдодосов, 85 килограммда Сергей Комушев, 94 килограммда Бекдөөлөт Расулбеков, 105 килограммда Вячеслав Шайнуров жана 105 килограммдан жогоркулардын арасында Дастан Жылдызбек уулу жеңүүчү болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Cibek
2018-05-24 15:56:15
Азаматсыз кут болсун
+1
monster_high_98
2018-05-24 16:03:57
Азияны дуйнону женген Кыргызстан жон эле да,ийгилик дагы!!
+1
almanbetperm
2018-05-24 16:10:27
Эчтеке ичкен эмессинби?
-1
monster_high_98
2018-05-24 17:49:40
almanbetperm,Болду эми башталды,бироо жонундо бир соз болсо омур бою айтып журобуз кыргыздар,тоба озу ичкен эмесмин дегенго жанында турбаган сон куноолоштун деле кереги жокго дейм,ичип алган болсо Ташкентте деле ошол салмакты которду неге анда Озбекстанда чыккан жок ичти деген
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан