Жалал-Абадда таксистти суусундукка жумшап коюп, өзү анын унаасын айдап качып кеткен деп шектелген жигит кармалды

Жалал-Абад шаарында такси кызматынын унаасын уурдаган адам анда орнотулган GPS-системи аркылуу колго түштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 22-майда саат 17:30 чамасында Жалал-Абад шаарында болгон. Коомдук такси менен тейлөө мекемесинин 19 жаштагы И.Х. аттуу айдоочусу өзүнүн Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаасын уурдатып жибергендиги боюнча милицияга кабар берген.

"Жабырлануучу шаар ичинде жөө жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын көрсөтүп иштеп жүргөн учурда белгисиз тургун жабырлануучунун автоунаасына отуруп, бир топ жерлерге барган соң, айдоочудан дүкөнгө кирип суусундук алып чыгып берүүсүн өтүнүп, акчасын берген.

Айдоочу дүкөнгө кирип кеткенде унааны айдап белгисиз тарапка изин жашырып кеткен. Бирок автоунаада GPS-системи бар болгондугуна байланыштуу, унаанын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болуп, жабырлануучунун кесиптештеринин (таксисттер) жардамы менен шаардан болжол менен 20 чакырымдай алыстыктагы Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Боз-Чычкан айылы тарапка айдап барган учурда жергиликтүү милиция кызматкерлери колго түшүргөн. Кармалган жаран Сузак районунун Барпы айылынын А.Ү. аттуу 26 жаштагы тургуну экендиги аныкталып, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azatbek.Svoboda.
2018-05-24 18:42:08
Жеңил оокат табам деп адашкан го! Таксистер эмнеге клиенттер жумшашса айтканын кылышышат?Эми сабак болот сууга жөнөтсө кете 6еришкен таксистерге!
+4
bekiw.801
2018-05-25 06:38:43
Барпынын ХХХХХХ
+1
admin_superstan
2018-05-25 12:15:42
bekiw.801, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга жол берилбейт! Эскертүү!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан