Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Кыргыз жергесинде узундугу 12 метрге жеткен жылан жок экенин билдирди

Кыргыз жергесинде узундугу 12 метрге жеткен жылан жок. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бул видеону кимдир-бирөөлөр эле ойноп монтаждап чыгарып коюшуптур. Ал видеодогу көрүнүп турган табият деле Кыргыз жергесине окшобойт. Андан сырткары Кыргыз жергесинде мындай узундугу 12 метрге жеткен жыландар жок", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, буга чейин интернетке "Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Майлуу-Суу дарыясында узундугу 12 метрге жеткен жылан жүрөт" деген видео тарап, талкуу жараткан эле. Бул видео тууралуу жергиликтүү тургундар Кыргыз жеринде тартылганы чындыкка дал келбестигин айтышкан.

12 метрлик жылан
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nerrazuri
2018-05-24 19:15:38
ХХХХХ Малайзия деп туратко бул жыланды
+4
admin_superstan
2018-05-25 10:51:47
nerrazuri,
Эскертүү! Бул видеохостингди жарнамалоого тыюу салынган!
0
Azatbek.Svoboda.
2018-05-24 19:21:21
Түштөн кийин кыйын болбой эле койушсун. Бир псих монтаж кылып чыгара койду да жалганчы эч качан жарыбайт.Андай макоолорду административдик жоопко тартып штраф салыш керек!
+2
reach
2018-05-24 20:28:34
Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги деп которбойсуңарбы?
0
admin_superstan
2018-05-25 10:50:14
reach,
Саламатсызбы! Бул агенттиктин кыргызча расмий аталышы.
0
Eli.91
2018-05-24 21:34:34
Буга чейин 6 метр жылан таластан чыкканы чын беле супер Инфо?
0
munar1980
2018-05-25 01:23:01
Жок андай жылан эми Аларга кайрылбасанар да белигилуу да бидзе жок жок жана жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан