Бишкек шаарында белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Малыматка караганда, ушул жылдын 20-апрелинде Лев Толстой көчөсүнөн (темир жолго жакын жерден) 50-55 жаштардагы азиат түспөлүндөгү адамдын денеси табылган.
Анын бою 165-170 сантиметр, орто дене түзүлүштө. Чачы ак, кыска, эриндери калың. Ал кара шым, боз көйнөк, күрөң бут кийимчен. Өзгөчө белгилери жок.
"Кимде-ким маркумду таанып-билсе, Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кабарлап коюуну суранабыз", - деп жазылат маалыматта.
Байланыш номерлери: (0312) 56-60-48, (0550) 10-24-86.