Баткен облусунунда 17 жаштагы кыз белгисиз себептерден улам асынып алган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуучу кыз 27-апрель күнү эртең мененки саат 10:00дөр чамасында асынган.
"Муунуп алган кыз Баткен районунун Актатыр айылынын тургуну К.Г. болгон. Ал мектепте 10-класста окуучу экен. Аталган күнү эртең менен өзүнүн мал сарайына кирип асынып алыптыр. Эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирди басма сөз катчы.