Кечээ, 24-майда Жогорку Кеңеш "Автоунаа жолдору жөнүндө" мыйзамды кабыл алды. Ага ылайык, жол боюнда жайгашып калган, жол кыймылына тоскоолдук жараткан объекттерди алуу милдеттендирилет.
Буга чейинки талкууда КСДП фракциясынан депутат Сайдолимжон Жураев учурда жол боюнда жайгашкан дүкөн, кафелердин саны өсүп жатканын айткан. "Кафе, дүкөндөрдүн жанында унаа токтотконго жер жок. Мындан улам унаалар жол четине коюлуп, кыймылга тоскоолдуктарды жаратууда", - деген Жураев.
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов талаш жараткан маселенин баары мыйзам чегинде жолго салына турганын билдирген.
"Көп учурда биздин макулдугубуз жок эле курулуштарга уруксат берилип кетет. Жол кыймылына тоскоолдук жараткан объекттердин баары алынышы керек", - деген Калилов.