Казакстандагы жол кырсыгынан бир Кыргыз жараны каза болуп, бешөө жаракат алды. Бул тууралуу Тышкы иштер минстрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 18-май күнү Самара-Чымкент унаа жолунун 566-чакырымында, Актөбө облусунун Жарсай-2 айылына жакын жерде болгон.
“6 Кыргыз жараны Mercedes Е320 үлгүсүндөгү унаасы менен кырсыкка кабылган. Алар бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон. Кырсыкка кабылгандар Ош шаарынан Москвага бара жатышкан. Унаанын айдоочусу Ж.Т. кырсык болгон жерден каза болуп, калган 5 адам ооруканага жеткирилген. Учурда алардын бирөө жандандыруу бөлүмүндө, экөө дарыланууда. Ал эми эки жаранга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Кырсыктан каза болгон жарандын сөөгү туугандарына берилди”, - деп жазылат билдирүүдө.
Учурда элчилик бул окуяны көзөмөлгө алып, кырсыктан жабыркагандар менен байланышта болуп турары айтылат.