Ысык-Көл облусун Каракол шаарында 34 жаштагы адам 2 кап баңгизат менен колго түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Басма сөз катчынын айтуусуна караганда, баңгизатты алып бараткан жаран кечээ, 24-майда колго түшкөн.
"Милиция кызматкерлери тарабынан Каракол-Пристань унаа жолунда жайгашкан тегирмендин тушунан Жети-Өгүз районунун Липенка айылынын 34 жаштагы тургуну П. Алексей кармалды. Өздүк кароо жүргүзүү мезгилинде анын жанында 2 капка салынган марихуана баңгизаты табылды. Баңгизатынын салмагын өлчөгөн учурда - 22 килограмм 525 граммды түзгөн", - дейт басма сөз катчы.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Баңгизатын мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кармалган адам, буга чейин соттолбогонуна байланыштуу эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулду.