Ош облусунун Өзгөн районунда намаз учурунда эки жарандын ортосунда чыккан жаңжал боюнча Өзгөн райондук соту чечим чыгарды. Бул боюнча Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Ушул жылдын 16-апрель күнү Өзгөн райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен айыпталуучу Т.А.ны күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратты. Жазасын күчөтүлгөн тартипте өтөөсү көрсөтүлгөн. Айыпталуучу буга чейин уруулук фактысы боюнча бир нече жолу соттолгон.
Эске салсак, Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Красный Маяк айылындагы мечитке намаз окуганы келген 64 жаштагы жаран 40 жаштагы мурдагы имамга "зекеттен түшкөн акчаны жеп койгонсуң" деп доомат коюп, бычак сайган. Натыйжада 40 жаштагы имам бычактан жеңил жаракат алып, ооруканага кайрылган. Жабыркаган Дилмурат Ильяхунов айылда 12 жыл имам болуп иштегенин айтып, окуяга мындайча токтолгон.
"Мен Красный-Маяк айылында 2001-жылдан 2013-жылга чейин имам болуп иштегем. Андан кийин жеке жумуштарым боюнча Бишкек шаарында иштеп жаткам. Окуя дүйшөмбү күнү бешим намазынан кийин болду. Намаз окулуп бүткөн соң берки жаран "отургула, сүйлөшө турган сөздөр бар" деп, андан ары "садага чогултулган сандыктан акча жоголуп жатат" деди. Негизи 4 ай мурун акча чогулган сандыктын ачкычын ошол адамга тапшыргам. Себеби буга чейин чогултулуп келген акча жоголуп кетип жаткандыктан, карап бербейсизби, деген элем. Анан ага акыркы айларда ачкыч сизде болуп жатат да десем, ал кайра менден күмөн санап "сен бул жакка келип намаз окуба, имам болбо" деген сөздөрдү айтты. Анан мени 8-9 жолу уруп жиберип, "жүрү эшикке, эркекче сүйлөшөлү" деди. Мен анын артынан чыктым, эгер алдында бассам, мени бычактап салат беле? Ким билет?.. Сыртка чыккан соң колума, анан көзүмө бычак сайып салды".