Ош облусунун Кара-Суу районунда үч унаанын кагылышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен жолдун боюнда турган эки жаш бала жабыркады. Бул тууралуу Ош облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 24-майда болжол менен саат 17:30дар чамасында катталган.
"Кырсык Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында болгон. Анда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Өзгөн шаарынан Ош шаарына келе жатып, карама каршы тилкеде келе жаткан унааны сүзгөн. Андан соң ошол эле багытта келе жаткан Matis унаасын сүзгөндө, унаа айланып барып жолдун боюнда турган эки жаш баланы сүзүп токтогон. Кырсык болгон жерден эки наристе Ош облустук ооруканасына жеткирилип, учурда дарыланууда", - деди маалымат катчы.
Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу 59 жаштагы К.Б. болгон. Окуя болгон жерден кырсыкка кабылган үч унаа тең айып аянтчасына токтотулуп, териштирүү иштери башталганын кошумчалады.