Бишкекте үйлөрдүн бирин мейманкана деп коюп, бирок сойкукана катары иштетип жүргөн 35 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
"Бул факт боюнча маалымат Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө келип түшкөн. Ыкчам иликтөө тобу айтылган дарекке барганда 35 жаштагы Ш.М. аттуу аялдын сойкукана иштеткени аныкталган. Ал эми үйгө тинтүү иштери жүргүзүлгөн убакта интим кызматын көрсөтүп иштеген 29 жаштагы эки кыз кармалган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) менен иш козголуп, кармалган Ш.М. убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деди маалымат катчы.