УЕФАнын техникалык байкоочулары Чемпиондор Лигасынын 2017/18-жылдагы сезонунун эң мыкты 10 голун тандады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Реал Мадрид" командасынын чабуулчусу Криштиану Роналдунун 1/4 финалдагы "Ювентустун" дарбазасына киргизген голу быйылкы сезондун мыкты голу деп табылды. Ал эми мелдештин финалындагы "Реалдын" жарым коргоочусу Гарет Бейлдин киргизген голу экинчи болсо, үчүнчү орунду Гонсало Игуаиндин 1/8 баскычтагы "Тоттенхемдин" дарбазасына киргизген голу ээледи.
УЕФАнын мыкты голун төмөнкү адамдар аныкташкан: Ежи Энгель (Польша), Томас Шааф (Германия), Миксу Паателайнен (Финляндия), Петер Рудбек (Дания), Кристиан Киву (Румыния), Дэвид Мойес (Шотландия).