УКМК: 9 миң сомдук көчөттөр боюнча тергөө башталды (толукталды)

Бишкек мэриясы сатып алган 9 миң сомдук көчөттөр боюнча УКМК тергөө ишин баштады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, мэрия 2017-жылы 23-октябрда көчөттөрдүн айрым түрлөрүн 9090 сомдон сатып алуу үчүн “Арт Грин” компаниясы менен келишим түзгөн.

Мэрия “Арт Грин” менен 2017-жылы жалпы суммасы 18 миллион 615 миң 980 сомго барабар 4 келишим түзгөн.

Мындан сырткары “АГТ Азия” компаниясы менен жалпы суммасы 8 миллион 948 миң 816 сомго 2 келишим жана “Зиар Строй” компаниясы менен 14 миллион 481 миң сомго 6 келишим түзүлгөн.

Аталган иш боюнча "коммерциялык же башка уюмдардын кызыкчылыктарын кыянаттык менен пайдалануу" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин жарандык активисттер шаардык мэрия 9 миң сомго чет өлкөдөн көчөттөрдү сатып алганын айтып чыгып, бул коомчулук тарабынан катуу сынга алынган.

Мэрия чет өлкөдөн көчөттөрдү сатып алганы боюнча түшүндүрмө берип, мамлекеттик токой чарбадагы көчөттөр өтө эле кичине экенин айтып, алардын өсүшү үчүн 7-8 жыл керек экендигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
toktor89
2018-05-28 11:22:27
Бекер эле кытай терегин эксее 2,3жылда гигант болмок;)
0
Dalil
2018-05-28 11:24:58
Дагы кимдир бирөөлөрдүн ооруканага жатып, операция боло турган мезгили келип калыптыр көрүнөт.
Бул кылмышты эми козгобой ызы-чуу чыкканда эле караш керек болчу. Эми булар кылмыш ишин баштаганча бүт кагаз иштерин тууралап коюшту да. Же документиңерди даярдагыла анан иш козгоп коёлу деп убакыт бериштиби? Мен УКМКга да ишенбейм алар бийлик үчүн иштеген орган болуп эле калган.
+2
Zamka79
2018-05-28 11:31:01
Эгерде чындап эркекче УКМК болсонор териштирип камабай туруп толотуп баарын салгылачы чындыкка жакын болсонор
+3
Chungyz
2018-05-28 11:48:26
Мындан башка коп иштер бар болсо керек
0
Ermekbai
2018-05-28 11:56:58
Кылмыш ишин козгоп эле жатат бирок жыйынтык жок. Жегендер камалбай жатат. Бул жөн эле саясатчыларга (Атамбаевдин командасына) эскертүү берип жатат деп ойлойм. Жөн жүр ато мынтип кылмыш иш козгоп камап коём деп коркутуу болуп жаткандай сезилип жатат.
+2
Aima94
2018-05-28 13:23:22
1 млн эшек,100 000 стул 600€ жыгач. 9000 көчөт кайсы ары менен айтып жатышат??? Кыргызстан өнүкпөй эле артка тартышат го. Мындай темп менен эртен эч ким иштебей эле Кыргызстандан үмүт үзүп, талаалап жүрүп эле өлүп кетебиз го.
+1
tika78
2018-05-28 14:16:20
Түштөн кийин кыйкырбай убагында караш керек эле.мынча акча бөлүндү канчадан алабыз деп
+2
Gulnyr19
2018-05-28 14:46:00
ЖЭБ боюнча эмне болду жеген тойгончо жеп тергөө бүткөнчө камакта отурумуш болуп анан түлкүгө окшоп качып жөнөйбү же мамлекетке кайтарып береби ошол акчаларды? Биз сүйүнүп отура беребизби оо кылмыш иши козголду деп спектакль көргөн көрүүчүдөй болуп
0
taku1414
2018-05-28 16:48:06
9000 миндик кочотту эл эчактан бери эле айтып келатышат укмк эми аран ойгондубу. Эми калп эле тергоо жургузумуш болуп коюшат. Резултат жок. Укмк Текебаев менен Жапаровду камаганга катуу иштешкен озулору келатканда астынан чыгып кармашып. Аферист майевскийди тосуп алышып кайра узатып жандап журушкон. Укмк элдин кызыкчылыгы учун иштешпейт
+1
jaskaaa
2018-05-28 17:13:05
7-8жылда деле өссө берсин. 9000 миндерди ордуна койгула!
0
Alymbek.A
2018-05-28 18:13:06
Давно башташ керек эле
0
Kroxa
2018-05-28 18:30:03
Жеди жеди зле дешет сурак эле берип атышат тологон бир адамды укпайбыз го,толку жок сурагынарды жаап эле салбайсынарбы элди алдабай.
+1
umar.kgz
2018-05-29 01:11:26
Кычкач 600$,камера 14 500$,көчөт 9 000сом,стол 100 000сом,жыгач 600€,кондиционер 40 000$,деги эмне деген шумдук.түшүнүп болбойт буларды
0
Maks_shop
2018-05-29 05:06:04
УКМК жакшы иштеп жататко чиркин
-1
fantomas
2018-05-29 05:42:22
Maks_shop, негизи бул иш менен УКМК эмес, финансы полициясы алектениши керек болуучу...
0
fantomas
2018-05-29 05:48:56
Баш аягы 42 миллион сомдук келишим тузулуптур... Ошондо баалар 20-30 эсе кобойтулуп жазылганын эске алсак, мэрия менен ошол ишканалардан 40 миллион сом кустуруш керек. Анткени чыныгы чыгым 42 миллион сом эмес, 2 миллион сом эле болгон, 2 миллион сомдук кочот алынган на самом деле...

Эми ошол 40 миллионду кустурууга Сокенин эрки жетет бекен?!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан