Кечээ, 27-майдан 28-майга караган түнү шамалдын кесепетинен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине эч кандай билдирүү түшкөн эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 27-майда Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күндүз жана түндө болжол менен ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал катталышы мүмкүн экендигин айтып, шашылыш билдирүү тараткан.