II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата курулган ат майданды куруудагы мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ат майданды куруудагы ортомчулар менен түзүлгөн документтер мамлекеттик экспертизасы жок түзүлгөн.
"Ортомчулар менен түзүлгөн документтер мамлекеттик экспертизасы жок түзүлгөндүктөн курулушка кетүүчү чыгымдар башында белгиленген 480 миллион сомдон 1 миллиард 584 миллион сомго чейин көтөрүлүп кеткен. Мындан сырткары курулуш иштеринин көлөмүн 10 миллион сомдон ашык өлчөмдө жасалма түрдө жогорулаткан фактысы аныкталып, 144 миллион сом каражаттын финансылык отчёттуулугу боюнча документациялары жок болуп чыкты.
Республикалык сертификация борборунун сыноо лабораториясынын экспертизасына ылайык, 31 миллион 398 миң сомго асфальт төшөлгөн жол талаптарга жооп бербейт жана эксплуатациялык мөөнөттөрдүн аягына чейин чыдай албайт.
Ошондой эле 8 миллион 244 миң сомго темирден жасалган ферма долбоорго ылайык салынган эмес жана аны курууда курулуш эрежелерин бузуулар аныкталды.
Объектидеги өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуда ӨКМнын эсебинен өткөрүлө турган иштер үчүн 9 миллион 737 миң сом өлчөмүндөгү каражат мыйзамсыз колдонулган фактысы такталды.
Учурда аталган факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат, иштин жыйынтыгы менен материалдарга юридикалык баа берилет", - деп жазылат билдирүүдө.