КТРКнын башчысынын орун басарлыгына Шайырбек Абдырахман көрсөтүлдү (өмүр баяны)

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) башкы директорунун орун басарлыгына Шайырбек Абдырахман көрсөтүлдү. Бул маалыматты SUPER.KG порталына ал өзү тастыктады.

Ал КТРКнын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары болуп иш алып бармакчы.

Абдырахмандын айтымында, учурда ал директордун орун басарынын милдетин аткаруучу болуп иштеп жатат. "Эми КТРКнын байкоочу кеңеши мени расмий түрдө кызматка бекитип бериши керек. Бул боюнча жыйын качан өтөрүн так билбейм. Эгер кызматка толук киришип калсам, алгач жалпы жамаат менен жакындан таанышып, коомчулуктун талабын бирге орундатууга аракет жасайм", - деди ал.

Шайырбек Адырахман 1976-жылы 27-сентябрда Аксы районунун Кара-Жыгач айылында туулган.

1994-2000-жылдар аралыгында Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинде билим алган.

2001-2008-жылдары КТРКда эмгектенген.

2009-жылдан тарта ЭлТР каналында эмгек жолун уланткан.

2010-2013-жылдары ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору болгон.

Эске салсак, башкы директордун орун басары болуп буга чейин Кайрат Иманалиев иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Ermekbai
2018-05-28 13:05:01
Ийгилик каалайбыз
+6
taalay25
2018-05-28 13:14:09
Дагы киши тааныбай калат экен да
-5
Aima94
2018-05-28 13:15:40
Классный мужик! КТРК көтөрөт ! Сонун журналист ийгилик!
+11
Nuri1988Elim2010
2018-05-28 13:17:14
Эн жакшы мыкты инсан
+3
Janna07
2018-05-28 15:05:30
Сапаттуу журналист
+2
Krai
2018-05-28 15:54:29
Ээми бардык жерде туура кадрлар тандалып жатат
0
Paprikafm
2018-05-28 16:40:05
Орун басары Жылдыз деген бироо элего
+1
Kroxa
2018-05-28 18:23:24
Адам болсонор болду кимин чон болсон да..
0
fantomas
2018-05-29 08:04:49
Мен каршымын. Жакшы журналист болушу мумкун. Бирок алкымы чон. Кимдин заманы болсо ошого тартып кетмейи бардай...

Мен КТРКнын башына Эрнис Кыязовду сунуштамакчымын... Ошол инсан чыныгы журналист. Эгер Акуйдон кийлигишуу болбосо, Кыязов КТРКны ондоп коет болуучу... Шайыр ондой албайт...
+3
aydinnur
2018-05-29 09:58:31
Мактабай коё тургула))) Шайырбек да, Эрнис да барса оңдой албайт КТРди.. Мамлекеттик саясат деген болот, алардын жолун чийип-сызып койгон..Эч ким андан чыкпай иштеш керек..Ей богу жаш балдар окшойсуңар ээ
+1
fantomas
2018-05-29 12:10:30
aydinnur, ошол Акуйдун кийлигишуу саясатын токтотуш керек... Бир тараптуу маалымат беруу, бийликтин оппоненттерин бир жактуу каралоо учун курал болуп бербеш керек КТР...

Бул телеканал Акуйдогу бийликтин оз чонтогунон эмес, элдин акчасына каржыланган мекеме... Элдин болгон эле талабы, КТР жанылыктарды калыс берсин деген эле ой. Анан сапаттуу телеберуулорду кобойтуу керек кыргыз тилиндеги...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан