Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловго SUPER.KG порталынын атынан ачык кайрылуу

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Анарбекович Кадыркуловго SUPER.KG маалымат порталы ачык кайрылуу жолдойт:

"Урматтуу Идрис Анарбекович!
Бүгүн, 28-май күнү эртең менен SUPER.KG маалымат порталынын журналистине белгисиз телефон номери аркылуу жеке номерине телефон чалуу болду. Байланышкан адам өзүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери катары тааныштырып, андан ары ал журналистти УКМКга келип кетүүсү керектигин билдирген. Ошол эле учурда телефон чалган адамдын УКМКнын кызматкери экендиги боюнча маалыматтын тактыгы белгисиз экендигин билдиребиз.


SUPER.KG маалымат порталы бул аракетке карата сиздин чара көрүүңүздү суранат. Себеби бул аракетти SUPER.KG маалымат порталы сөз эркиндигине карата шек келтирүү, редакцияга карата кысым көрсөтүү жана коркутуу деп баалайт.

Өз учурунда SUPER.KG маалымат порталы УКМКга порталга жарыяланган тийиштүү кабар боюнча ким чалганын жана ал бейтааныш телефон номер тууралуу маалыматты өткөрүп бере алат.

Сизди Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген сөз эркиндигин коргоого мүмкүн болгон аракетин көрөт деп ишенебиз".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nemo2016
2018-05-28 12:08:19
Коркпогула super.kg парталы биз силер мн
+7
Isco22
2018-05-28 17:41:23
nemo2016,биоде туруп ливерпуль биз силер мн. Бирде туруп барса биз силер мн дейсин. Озу кимиси мнсин
-3
dastan.bujun
2018-05-28 12:09:27
Super.kg де колдонуучулар коп болгон сайын баарынын козу ушул сайтка карап калды.
Бул сайт да саясий буюруктарды аткарып кетпейт деп айтыш кыйын.
Акча аркылуу баарын кылса болот.
+12
toktor89
2018-05-28 12:29:35
Асылбаган жери калбай суперинфо калыптырбы
Бул болсо да ашанын тааныштары. Ашага карата сын пикир коп айтабыз ошонун айынан бул болуп атат.
+5
AzKumFerDan
2018-05-28 12:31:20
Супер сиздер ак иштесенер биз сиздер мененбиз.
+8
Дарыгер
2018-05-28 13:18:54
Саясатка аралашып эле журот го Супер.кж.
+2
Дарыгер
2018-05-28 13:19:30
Тымызын саясаты бар. Супер инфонун
+6
sabyrer82
2018-05-28 14:28:23
Ушул убака чейин супер инфонун жаман жагын коргон жокмун,жазса чындыкты жазат,а чындык эч кимге жага бербейт.
-2
progresskg
2018-05-28 15:01:14
Сегизбаев деген Атамабевтин шестеркасы ГКНБни башкарып турганда прессага кысым корсотчу эле ГКНБ, жана орустардын ФСБнын айтканын кылышчу, шестерка болуп. Жээнебков келип, Сегизбаев деген шестерканы кетиргенден кийин бир нерсе озгорот деп ойлодум эле,
-1
admin_superstan
2018-05-28 15:34:48
Uli6886,
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан