Бишкекте жеңил унаа өспүрүмдү сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 28-майда саат 13:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Daewoo Matiz үлгүсүндөгү жеңил унаа жөө адамдар өтчү белгиден 15 жаштардагы өспүрүмдү сүзүп кеткен. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы чакыртылып, жаракат алган өспүрүмдү алып кетишкен. Ал эми жерине келген Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам аракеттерди көрүшүп, тийиштүү материалдарды топтоп, тергөөчүлөгө өткөрүп беришкен.