"Түндүк" темир жол бажысынын мурдагы башчысы Нурбек Айбашев мамлекетке 166 миллион сом зыян келтирген деп шектелүүдө (үйүн тинтүү учурундагы видео)

25-майда “Түндүк” темир жол бажы кызматынын мурдагы башчысы Нурбек Айбашевдин үйүнө тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын үйүн тинтүү учурунда баалуу буюмдар, алтын кол сааттар жана бир катар келишим документтери табылган.

Айбашев “Түндүк” темир жол бажы кызматын жетектеп турганда "А" ЖЧКсы менен мыйзамсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кытайдан келген товарларды жасалма документтин негизинде каттоого алууга мүмкүнчүлүк түзүп берген деп шектелүүдө.

Мындан сырткары ал 2015-жылы 20-августта аталган ишкана менен жана U.Q.I.T.C.L компаниясы аркылуу Кытайга тери, бут кийим жана башка ушул багыттагы товарларды ташуу тууралуу келишим түзгөн.Товарларды бажы аймагынан сырткары өндүрүүгө мыйзамсыз берилген уруксаттын натыйжасында 166 миллион сом бажы төлөмү мамлекеттик бюджетке түшпөй калган”, - деп жазылат маалыматта.

Нурбек Айбашевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголуп, Биринчи Май райондук соту тергөө иштери аяктаганга чейин убактылуу кармоочу жайга камоо тууралуу чечим чыгарган. Анын баш коргоо чарасы 27-майда каралган.

Ал "Түндүк" темир жол бажысын 2016-жылдын апрелинен тарта башкарып, жакында гана кызматтан кеткен.

"Түндүк” темир жол бажы кызматынын мурдагы башчысынын үйүнө тинтүү жүргүзүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Freemankg
2018-05-28 19:57:46
Мындайлар көп , баары качышат, жашырышат, эртелеп кармаш керек .
+3
TalaCSKA
2018-05-28 20:04:06
Уйунун озу эле 166 миллион туратко.документерге карабай эле конфискация кылыш керек бизнесмен болбогондон кийин мамлекетик кызматтагы адам в любом случае мындай дворецке зарплатасы жетпейт болчу. 100 жыл иштесе да жетпейт болчу!!!
+7
Alymbek.A
2018-05-28 20:23:10
Келтирилген чыгымды толотуп болгон мулкун конфискациялаш керек.
0
voennyi88
2018-05-28 20:58:35
Мындай үйлөр менин түшүмө кирбей өтүп кетет.
+1
RNA78
2018-05-28 21:05:34
Кебетеси жылтырайт го чиркин, эми жүрөгүм ооруйт эле деп жатып ала электе кайра кустургула.
+6
Azatbek.Svoboda.
2018-05-28 21:23:38
Эми ооруп калбаса эле болду! Буну да жогоруда ак үйдөн бирөөлөр коргоп турган го долясын алып болбосом бул өзү андай иш кылалбайт! Буйрук бергендер көп доля алышып тымызын билинбей жашап жүрүшөт. Буйрукту аткаргандар эдиреңдеп жеп жутуп колго түшүп жатышат!Жогору жактагы крышаны да таап камап кустуруп алыш керек!
+6
Azatbek.Svoboda.
2018-05-28 21:24:55
Биз бул жакта кыйналып бешене тер менен иштеп жүрөбүз. Бул келесоолор уурулук жол менен жыргап жашап жүрүшөт тешип чыкса экен арам тамактар!
+4
Arsenal93.
2018-05-28 21:31:47
Бул жагы мага жагып атат коптогон былык иштер ачылып атат коррупция менен курош деп ушуну айтат.эгерде эле ушул иштердин аягына чыгып жазаланса анда парламент менен президентти эл колдойт эле
+2
Medinaa
2018-05-28 22:41:53
Кармагыла!!!Бул киши жеп,жеп,жеп кызы на отельдерди,мейманканаларды мамлекеттин эсебинен салып берген тойбос!
+1
Paprikafm
2018-05-28 23:24:36
200 мин$ пара алган прокурор эмне болду билип бергилечи админ
+4
dastan.bujun
2018-05-29 00:00:17
Мына Себеп эмнеге элдер жакыр жашайт,
0
Arlenchik
2018-05-29 00:02:26
Мына сага, салган уйун карачы, мамлекеттик кызматта иштеп айлык мн мындай уйго участокта алалмак эмес, мамлекет кокосуна чейин коорупцияга батып кетти, ушундайлардын баарын жегенин бут сыкса, мамлекеттин сырткы карызынан кутулуп, казынагада биртоп каражат тушуп калат, мулкун бут мамлекетке кайтаргыла, эми иш козгоп бираз камап коркутуп туруп, алчусун алып кайра койберип ийишпеселе болду.
0
al-abu-kinesz
2018-05-29 00:11:53
Бир жылда эле жонокой адамдын омур бою башы менен жер казып иштеп таба албагандай байлык чогултууга улгуруптур. Ушундай чиновниктердин 200нун эле мулкторун конфискация кылса карыздан кутулат экенбиз
+1
zevs
2018-05-29 09:17:12
bul uy bizdin tuwubuzgo da kirbese kerek. men mynday uydu tv dan gana korgom. 2 jylda uwuncha jese anda biz tonolup butkon ekenbizda
0
gulzat85
2018-05-29 09:33:23
Акмак эле экен.элдин акчасын жеген
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан