Кипрде көп кабаттуу үйдөн кулап, ооруканада жаткан Кыргыз жигити каза болду

Түндүк Кипрдин Гирне шаарында көп кабаттуу үйдөн кулап түшүп, абалы оор болуп жаткан 27 жаштагы Кыргыз жигити каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Айымкан Кулукеева SUPER.KG порталына билдирди.

"Мекендешибиздин каза болгону тастыкталды. Дагы кошумча маалымат берилет", - деди маалымат катчы.

Эске салсак, окуя 24-май күнү болжол менен саат 10:45те болгон. Кыргыз жигити батирдин жогорку кабатынан кулап, оор жаракат алган. Биринчи жардамды аймактык ооруканадан алып, кийин Лефкоша шаарындагы мамлекеттик ооруканага жеткирилген. Ага аталган ооруканадан операция жасалып, андан соң комага түшүп калган. Кийинчерээк чет элдик басылмалар Кыргыз жигитин 4-кабаттан кулап, бетонго түшкөнүн жана денесинде бычактын издери болгонун жазып чыгышкан. Полиция кызматкерлери бул окуяны иликтөөгө алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AzKumFerDan
2018-05-29 08:07:08
Жаткан жери жайлуу болсун жакындарына сабыр пендечилик .Эх кыргызым талаалап жүрүп түгөнмөй болдуко
+6
fantomas
2018-05-29 08:14:09
Тышкы иштер министрлиги менен ИИМ "уктап" жатабы, издебейби, ким бычактап, ким секирууго мажбур кылганын?!!
+6
Ask094
2018-05-29 18:03:42
fantomas,аларга баарибир. Биздикилер элди олтурсо да маккулдашат кол коет кайтып келеберет. Кошуна мамлекеттин солдаттары элди атса унчыгалбайт турцияга эмне кылмак эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан