Чет өлкөлүк жарандарды тоноого шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды

Чет өлкөлүк жарандарды тоноп, каракчылык менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, шектүүлөр аялдардын сумкаларын жулуп качып жүрүшкөн.

"ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча, 2017-жылдын ноябрь айында Бишкекте азиат түспөлүндөгү 28-35 жаштардагы белгисиз үч жаран фирмалардын бирине кирип барышып, коркутуп, жаш кызга физикалык күч колдонуп, сабап салышкан. Андан кийин фирманын кеңсесинен кытай улутундагы ишкердин жубайынын сумкасын тартып алып, издерин жашырып качып кетишкен. Сумкада 6 миң 500 доллары, 280 миң сом акчасы, унаанын ачкычы жана унаанын күбөлүгү болгон.
Ал эми 2018-жылдын январь айында ушул эле Кытай Эл Республикасынын ишкерлерине кол салышкан. Алар жумуштан үйүнө кайтып келе жаткан учурда тапанча менен коркутуп, ишкердин жубайынын баалуу телефондору менен 50 миң сом акча каражаты салынган сумкасын тартып алышкан.
Жогорудагы фактылардын бетин ачуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, аталган кылмыш ишине тиешеси барлар аныкталган. Ушул жылдын май айынын орто ченинде Нарын облусунун 1990-жылы туулган К.Э. аттуу тургунунун Сокулук районундагы жашап жаткан үйү текшерилип, тапанча, далилдүү буюмдар табылып, эскпертизага жөнөтүлгөн. Шектүү катары кармалган адам соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Ошондой эле жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар делип криминалдык чөйрөдө "кароочу" каймана аты менен белгилүү болгон дагы бир жаран колго түштү. Кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар иштер иликтенип жатат", - деп билдиришти ИИМден.

Козголгон кылмыш ишинин негизинде каракчылык фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан