Конор Макгрегор менен Хабиб Нурмагомедовдун беттеши АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүшү мүмкүн. Мындай билдирүүнү UFC'нин президенти Дэйна Уайт жасаганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, учурда орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун көпкө күттүргөн беттешин уюштуруу боюнча аракеттер көрүлүүдө. "Биз, Конор менен Лас-Вегаста жолугууну пландап жатабыз. Ал менен жолугушуубуз июнь айында болот деген ниеттемин. Конор Хабиб менен беттешүүнү каалап жатканына ишенем. Албетте, бул беттешке Хабиб да даяр. Бул беттеш сөзсүз 2018-жылы өтүшү керек", - деди Уайт.