Жалал-Абад шаарында 9-класстын окуучусун өз теңдүү балдар пикир келишпестиктен улам бычактап салган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, балдардын баары 9-класстын окуучулары болгон.
"Окуя 25-майда кечки саат 20:00 чамасында болгон. Анда 9-класстын окуучусу Сыймык менен жолдо турган 2 баланын ортосунда пикир келишпестик жаралып, Эдил аттуу бала Сыймыктын көкүрөк тарабын кокустан бычак менен кесип алган. Натыйжада жабырлануучу жеңил жаракат алып, ошол эле күнү ооруканадан тийиштүү жардамдарды алган. Бычак дененин сыртын гана чийип, жеңил жарат алганына байланыштуу шектүүлөргө бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Эгер оор жаракат алса башка чара көрүлмөк", - дейт басма сөз катчы.
Учурда соттук-медициналык экспертиза тартылып, тергөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин айтат.