Ысык-Көлдө кызга жолугууга келген 17 жаштагы балага бычак сайылды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 17 жаштагы бала бычактан жаракат алып ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 27-майдан 28ине караган түнү болжол менен саат 23:30дар чамасында болгон.

"28-майда Жети-Өгүз РИИБине Оргочор айылынын 17 жаштагы жашоочусу бычактан алган жаракатынын улам Ысык-Көл аймактык ооруканасына жеткирилгени боюнча маалымат келген. Анда Бишкек шаарында туулган Оргочор айылына 27-майда келген 17 жаштагы бала айылдашы менен Светлая Поляна айылындагы сүйлөшкөн кызына жолугууга барган. Кыз менен жолугуп турганын көргөн кыздын тууганы ачууланып, достору менен балдарды сабаган. Мушташтан улам кызга келген бала бөйрөк тушка бычак жеп, ооруканага жеткирилген. Жаракат алган балага Ысык-Көл облустук ооруканасында операция жасалган. Учурда бул иш териштирүүгө алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nevestkaa
2018-05-29 11:20:07
Закон иштебейт да,криминал өлкө болуп кеттик го ХХХХХХ албаганы да бычак алып жүрөт.
+5
orun
2018-05-29 11:20:36
бычактан алган жаракатынын улам пбм Ысык-Көл аймактык
пбм кандай болуп чечилет тушунбодум.
+3
fantomas
2018-05-29 11:21:06
Уул баланы го тыя албайт экенсин, уйдо отур деп. Ошондо да айтасын, эскертесин, жаман жолго баспа, зынаа кылба деп...

Ал эми кыздын тунку 23-24тордо кочодо жургонун карабаган ата-эне кандай?!! Кыз бала кундузу жолукса болот го жолукчу жигитине... Туну балээ барбы?!!

Ата-энелердин конул коштугунан улам кыздар женил ойлуу болуп осуп жатышат... Бул кандай заман болду эми...
+4
aiymjan7
2018-05-29 11:29:13
эми кызга жолукса эле бычактап салабы тундо келиптир деп
+3
fantomas
2018-05-29 11:52:25
aiymjan7, мен бычакташ керек деп айтпадым. Мен болгону ата-эне тун жарымда кызын кочого кое бергени жакшыбы деп айттым.
+2
aman0296
2018-05-29 16:21:53
fantomas,ата энеси тундо "кызым, бар кочого чыгып жигиттер менен жолугум кел", дептирби?
Кыз ата-энесине корунбой чыгат да
+1
Husan
2018-05-29 11:35:19
Тообо эмнелер гана болуп жатат биздин мекенде
+5
anonymous
2018-05-29 12:25:45
Эркекче жекеме жеке мушташса болбойбу
+5
Nurmat92
2018-05-29 12:29:14
Ой ХХХХХХХХ көнүмүш адат болуп баратат. Бирде бычакташса бирде сүзүп кетти бирде баласын таштап кетти бирде өртөнүп кетти болуп. Мурун ушундай жаман окуя болду десе таң калчымын азыр таң калбай деле калдым.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан